720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кургак учукка байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Кургак учукка байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Конкурсту ушул жылдын мартында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук фтизиатрия борбору жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору жарыялашкан.

Сынактын максаты – ЖМК аркылуу коомчулуктун көңүлүн кургак учук маселелерине буруу, ал: 

  • кургак учукка чалдыккан адамдарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүүгө, алардын кодулоо жана басмырлоосун азайтууга, социалдык колдоону жакшыртууга;
  • кургак учукка шектелген адамдарды текшерүүдөн өтүүлөрү үчүн медициналык мекемелерге эрте барууга үндөөгө;
  • кургак учукка чалдыккан бейтаптардын дарыланууга умтулуучулугун жогорулатууга.

 

Марттан октябрга чейин сынакка теле/радиодон обого берилген, маалымат Интернет-ресурстарында жайгаштырылган, басма сөздө жарыяланган журналисттердин кыргыз жана орус тилдеринде 70 жакын иштери кабыл алынган. “Телевидениеде эң мыкты иш”, “Радиодо эң мыкты иш”, “Интернет-басмасында мыкты иш”, “Басма сөздө эң мыкты иш” номинацияларында 11 иш 1, 2 жана 3 орундарга ээ болушту. USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору камсыз кылган сынактын байге фонду жеңүүчүлөргө кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдасы тийгендей, муну менен бирге мындан ары да кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөндөй байгелерди камтыган. Бул – ноутбуктар, планшеттер, тышкы катуу дисктер.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар 7-декабрында Ош шаарында долбоор уюштурган “ЖМКда кургак учук темасын чагылдыруусунун актуалдуулугу жана өзгөчүлүктөрү” деп аталган жумушчу жыйында тапшырылды. 

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров көбүнчө жаш журналисттер жана регионалдык ЖМКнын өкүлдөрү жеңүүчү болгонун чоң канааттануу менен белгилеп, USAIDге конкурсту өткөрүү демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде USAIDдин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо боюнча программаларынын координатору Чинара Камарли акыркы жылдарда кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу тенденциясы жүрүп жатканын, кургак учук маселелери жаатында коомчулукту маалымдоо бир топ жакшырганын, бирок кургак учук менен ооруган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө стигма жана басмырлоо жагдайы коомдо чоң маселе бойдон калып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу USAID ЖМК менен кызматташтыкка чоң көңүл буруп, журналисттердин потенциалын жогорулатуу үчүн иш-чараларды колдойт, анткени кургак учук темасын туура чагылдыруу стигманы төмөндөтүүдө жана кургак учукка чалдыккан адамдарга карата калктын мамилесин өзгөртүүдө урунттуу роль ойношу мүмкүн.

 

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз