720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Жарыя мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жөнүндө

Жарыя

мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына талапкерлерди тандоо жөнүндө

  1. Тандоо жөнүндө жарыялоо датасы: 26 - май 2023-жыл
  2. Мамлекеттик заказчынын аталышы: Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ)
  3. Гранттык комиссиянын курамына талапкерлерге коюлуучу талаптар:

Жарандык коомдон гранттык комиссиянын курамына 25 жаштан кем эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, төмөндөгү тармактардын биринде же бир нечесинде иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жарандары талапкер боло алат:

1) жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоо;

2) жаштарды колдоо;

3) билим берүү жана агартуу;

4) ден соолук жана физикалык бакубаттуулук;

5) медициналык жардам;

6) адам укуктары, анын ичинде расалык, этникалык, диний, гендердик же басмырлоонун башка түрлөрүн жок кылуу;

7) мигранттарга, аргасыз жер которгондорго жана качкындарга жардам көрсөтүү.

  1. Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1) гранттык комиссиянын курамына талапкерди сунуштоо жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун каты (бир коммерциялык эмес уюмдан бир талапкер сунушталышы мүмкүн);

2) талапкердин тандоого катышууга арызы (эркин формада);

3) автобиографиялык маалыматтарын (орус же кыргыз тилдеринде резюме) жана байланыш маалыматтарын (телефон номери, электрондук почтасынын дареги, почталык дареги) көрсөтүү менен талапкердин билими, иш тажрыйбасы, кесиптик билими жана коомдук ишкердиги жөнүндө маалымат;

4) талапкердин мотивациялык каты.

  1. Гранттык комиссиянын курамына талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүү тартиби

Жарыянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик заказчынын жеке өзүнө, почта аркылуу же электрондук почта аркылуу берилүүгө тийиш.

Гранттык комиссиясынын курамына талапкерлер жарандык коомдон коммерциялык эмес уюмдар тарабынан сунушталат. 

  1. Гранттык комиссияга талапкерлер үчүн сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 12- июнга чейин, саат 17.00гө чейин.
  2. Маалымат жана тактоолор боюнча кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктуу адамынын байланыш маалыматтары:

Фамилиясы жана аты – Сагындыкова Саадат

Телефон номери - +996 770 56 55 13, +996 553 10 37 38

          Электрондук почта дареги - s.sagyndykova@list.ru

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз