720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) тарабынан Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча өкмөттүк эмес уюмдар үчүн маалымат жыйыны/тренинги жөнүндө жарыялоо.

Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) тарабынан Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча өкмөттүк эмес уюмдар үчүн маалымат жыйыны/тренинги жөнүндө жарыялоо

Урматтуу жарандык сектордун өкүлдөрү,

08.06.2023 - 09.06.2023 саат 09:00дөн 17:00гө чейин Улуттук фтизиатрия борбору сиздерди өкмөттүк эмес уюмдар үчүн долбоорлорду тандоо конкурсуна арналган, 2023-жылы Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) тарабынан ишке ашырылган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик социалдык заказ Программасын жүзөгө ашырууга багытталган маалыматтык жыйынга/тренингге катышууга чакырат.

            Жыйын гибрид форматында өтөт. ZOOM платформасындагы онлайн форматы каалагандар үчүн каттоодон өткөндөн кийин берилген шилтеме аркылуу ишке ашырылат.

Катышууга катталуу үчүн төмөнкү даректеги каттоо формасын толтуруңуз:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSfs8BvGL0AXjhp2vLMsttvDQz-vjvtkA3vZgKKNXs41EKCiIA/viewform  

Маалыматтык жыйында катышуучуларга конкурстун максаты, конкурска арыз жана документтерди даярдоого жана берүүгө техникалык талаптар, гранттык комиссияны түзүү тартиби, конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо тартиби жана критерийлери, коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруудан күтүлгөн жыйынтыктар тууралуу түшүндүрмөлөр берилет, ошондой эле жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооптор берилет.

Маалыматтык жыйындын жүрүшүндө конкурска катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүгө, ошондой эле конкурска катышуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт. Бул талапты бузган коммерциялык эмес уюмдарга коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жарыяланган конкурска катышууга жол берилбейт.

Катышуунун шарттары боюнча 2023-жылдын 8-июнь айына чейин кеңеш алсаңыз болот (иш убактысы: 8:00 - 17:00)

Жооптуу адам: Чиншайло Фируза

Байланыш телефондору: +996(312)-57-09-36 (шаардык телефон)

                                           +996(552)-92-92-64 (уюлдук)

Электрондук почта: fr.chinshailo@gmail.com

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз