720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Чүй облусунун аймагындагы кургак учук көйгөйлөрүн облустук саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен талкуулоо

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук көйгөйүн талкуулоону үзгүлтүксүз өткөрүп турууну демилгеледи. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун айтуусунда өлкөнүн бардык облустарында талкуулоолор өткөрүлөт. Биринчи Чүй облусунда, 14-июлда облустук саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кургак учук кырдаалы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) COVID-19 пандемиясынын бүткүл дүйнө боюнча кургак учук кырдаалына терс таасир тийгизери тууралуу божомолу туура болуп чыкканы Саламаттыкты сактоо министрлигин өзгөчө тынчсыздандырары айтылды. Муну Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) пандемиядан кийинки мезгилде, анын ичинде Чүй облусу боюнча алган бул ооруга чалдыккандарды табуунун, оорунун жана өлүмдүн көрсөткүчү ачык күбөлөп турат. 

Бул абалдын себептери:

  • жаңы инфекция менен күрөшүүгө баштапкы деңгээлдеги медициналык мекемелерди жана санитардык-эпидемиологиялык кызматты аргасыз жапырт тартуунун натыйжасында башка ооруларга, анын ичинде кургак учукка жетиштүү көңүл бурулбай калды;
  • кургак учуктун жаңы учурларын активдүү табуу боюнча иштер дээрлик токтоду;
  • калк зарыл учурда медициналык мекемеге барууда чектөөлөргө туш болушту.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ДСУнун сунуштарына ылайык, калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча ишин күчөтүүдө. Улан Садыков белгилегендей, бул иште USAID “Кургак учукту айыктыруу” долбоору орчундуу колдоо көрсөтүп, анын көмөгү менен медициналык уюмдардын баштапкы деңгээлинде “Кургак учук учурларын башкаруу” деп аталган бейтаптарга багытталган ыкма киргизилүүдө. Анын максаты кургак учукка каршы медициналык жардамды бейтап жашаган жерге болушунча жакындатуу, кургак учукка каршы дарылоонун натыйжасын жогорулатуу, анын аркасында кургак учуктун жугуу коркунучун азайтуу болуп саналат.

 Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында Чүй облусунда кургак учук кырдаалын көзөмөлдөө боюнча мындан аркы кадамдар аныкталып, иш-аракеттин тийиштүү планы иштелип чыкты.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз