2025-жылдын 3–4-ноябрында УФБ менен Облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун (УККБ) ортосунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага УФБнын, Облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборлорунун жетекчилери жана адистери, ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган JSI Cure TB-2 долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Эки күндүн ичинде катышуучулар өлкөнүн бардык аймактарындагы ДТ-ТБ жана ДС-ТБ боюнча когорттук анализдин жыйынтыктарын сунушташты, жетишкендиктерди, кыйынчылыктарды жана кургак учукту көзөмөлдөө чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдорун талкуулашты.
Ачык кургак учукту аныктоого, байланышта болгондорду издөөгө жана алдын алуучу дарылоону баштоого, ошондой эле клиникалык учурларды карап чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуу кургак учук кызматынын бардык деңгээлдеринин ортосундагы координацияны күчөтүүгө жана бейтаптарга кам көрүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.
