720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Талас облустук кургак учук менен курөшуу борборунун социалдык тармактардагы ийгиликтери

Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун адистери социалдык тармактарда иштөөнүн жаны ыкмаларын өздөштүрүү боюнча USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жардамы менен билим алышты. Алынган тажрыйбанын натыйжасында мекеменин социалдык баракчасы толукталып, облустун калкына кургак учук илдетин алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана мекеменин жетишкендиктери тууралуу маалыматтар чагылдырылып келет. Саламаттык сактоонун адистеринин талдоосу боюнча, биздин баракча замандын талабына жооп берип, графикалык визуалдаштыруу, хэштег, эмоджи колдонулуп, мыкты денгээлде жүргүзүлүп келгендиги баса белгиленди. Андан тышкары адистер жаңы иштелип чыккан Талас облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун сайтын презентациялап, иштөө ыкмаларын окутуп беришти. Бул “Жаңы медиа” аркылуу Талас облусунун калкынын кургак учук тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу менен кургак учук тууралуу туура эмес түшүнүктөрдү жоюп, кургак учукту жеңебиз деп ишенебиз.

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз