Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгынын урматына Улуттук кургак учук юорборунун имаратынын алдында Мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү. Бул маанилүү окуя биримдиктин, мекенчилдиктин жана улуттун саламаттыгына болгон жалпы камкордугубуздун символу болуп калды.
Майрамдык иш-чарабыз биз күн сайын бирге ийиндеш иштеп жаткан урматтуу өнөктөштөрүбүздүн жана кесиптештерибиздин колдоосу менен өттү. Салтанатка төмөнкүлөр катышты:
КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев
АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлү Айверсон Лонг мырза
Глобалдык фонд жана БӨУ (GF/UNDP) өкүлдөрү
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) ректору Индира Кудайбергенова
Улуттук Кызыл Ай коомунун (НОКП) өкүлдөрү
"Ден соолук нуру" уюму
KNCV өнөктөштөрү
Алардын катышуусу кургак учукка каршы күрөшүүдө жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоодо күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн тастыктайт.
Улуттук кургак учукка каршы программа бардык кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт! Мамлекеттик туубуз дайыма эркин жана өнүккөн Кыргызстандын асманында бийик желбирей берсин, ал эми элибиздин ден соолугу бекем болсун. Биргеликте биз кургак учукту жеңебиз!