720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
«Кара-Балта» РККОго тажрыйба алмашуу сапары

Өз ара кызматташуунун жана кесиптик тажрыйба алмашуунун алкагында Ош облусунун кургак учукка каршы кызматынын медициналык кызматкерлеринин тобу «Кара-Балта» республикалык кургак учукка каршы ооруканасында болушту. 
Кургак учуктун татаал формаларын дарылаган «Кара-Балта» ооруканасы -  өзүн-өзү бутуна тургузган медициналык мекемелердин бири. Бул аз гана, бирок абдан ынтымактуу кызматкерлердин сыймыгы, деп жалпы коллективдин пикирин билдирет тажрыйбалуу фтизиатр-дарыгер,  бөлүм башчы Нурбүбү Батырбаева. 
Ар кыл багыттарда адис болгон Оштон келген меймандар үчүн индивидуалдык программалар түзүлгөн: врачтарды оорукананын бөлүмдөрүнүн иши кызыктырган, лаборанттарды – лабораториянын, диетмедайымды – тамак-аш блогунун. Ал эми Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыканасынын башчысы Айзирек Тавалдиева кара-балталык кесиптеши менен иштешкенге жетишти: «Оорукананын дарыканасынын бухгалтериясы, башка документация боюнча үйрөнө турган нерселер көп экен. Оошолорду бир сыйра билип алдым, колдоном».
Бардык эле инфекциялык ооруканалардай эле «Кара-Балта» ооруканасында да эң маанилүүсү – бул туура уюштурулган жана бекем сакталган инфекциялык көзөмөл. Анын сакчылыгында турган башкы медайым жана инфекциялык көзөмөлдүн адиси Наталья Саликова оштук кесиптештерине тажрыйбасы тууралуу кең-кесири айтып берди: «Бизде бир да кызматкер кургак учук, гепатит менен оорушкан жок. Бул инфекциялык көзөмөл эң мыкты иштээрин айтып турат».
Конокторду USAIDдин техникалык колдоосунда иштелип чыгып жана ишке киргизилген ММС (Медициналык маалымат системаларынын) иши аябай кызыктырды. ММС бейтаптардын каттоосун, аларды дарылоо жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын боюнча маалыматтардын эсептөөсүн  автоматташтырат; бөлүмдөгү врачтарды, лабораторияларды, оорукананын ичиндеги дарыкананы, жабдуучуларды, менеджерлерди бири-бири менен байланыштырып ошол маалыматтар менен онлайн алмашуунусун  камсыз кылат. 
Бир күндүк сапардын алкагында бардык маселелерди талкуулап бүтүү кыйын, андыктан мындай тажрыйба алмашуу өнүгүү үчүн абдан маанилүү, деп эсептейт Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Рустамбек Козубаев: «Ушундай тажрыйба алмашуулар көбүрөөк болуп турса медицина кызматкерлери ортосундагы карым-катнаш дагы бекемдейт. Келип көп жакшы маалыматтарды алдык десек болот. Өзүбүздүн кесиптештер менен акылдашып, бул жерден алган тажрыйбабызды өзүбүздүн ооруканага алып барып, колдонуп, иштетип, жолго салууга бел байлап турабыз».

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз