720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда пресс-тур болуп өттү

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун техникалык колдоосу менен кургак учукка каршы кызматка киргизилип жаткан комплекстүү реформалардын иштешин журналисттерге көрсөттү. Мисал катары эң алыскы, ошол эле кезде башка өлкөлөр менен чек арага чектеш жайгашканына байланыштуу кыйынчыктары бар региондордун бири – Баткен облусу алынган.

Журналисттер Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда (БОККБ) облустук кургак учукка каршы кызматтын санариптештирүүсү менен таанышышты. Алар облустук консилиум бейтаптардын оору таржымалын онлайн режиминде карап жатканын көрүштү. «ТБ-регистр» деп аталган маалымат системасын иштеп чыгуу жана рентген-сүрөттөрдү электрондук форматка которуп жаткан санарип дигитайзерин киргизүү райондук дарыгер-фтизиатрларга облустук борборго келбестен, өз жумуш ордунан эле консилиумдун ишине катышканга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Ошондой эле журналисттерге БОККБунда:

- оорукананын кызматкерлери – дарыгерлер, медайымдар, менеджерлер ж.б. ортосунда электрондук өз ара байланышуу кандайча жолго салынганын;

-  биоматериалдарды (башкача айтканда, бейтаптардын анализдерин) ташып жеткирүү системасы кандай иштеп, кандай пайда алып келип жатканын;

- кургак учукту аныктоо боюнча лабораториялык кызмат көрсөтүүнүн сапаты кандай жогорулаганын;

- кургак учуктун жаңы учурларын активдүү табуу кандай жүргүзүлүп жатканын көрсөтүштү.

Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы врачтык практика борборунда (ЖВРБ) журналисттерге «Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде (БМСЖ) «Кургак учук учурун башкаруу» деп аталган бейтапка-багытталган ыкмасы жөнүндө кеңири маалымат берилди.  Бул ыкманын максаты кургак учукка каршы медициналык жардамды бейтаптар жашаган жерге мүмкүн болушунча жакындатуу болуп саналат. Ар бир бейтап үчүн «Кургак учук учурун башкаруу» боюнча өзүнчө команда түзүлүп, ага райондук дарыгер-фтизиатр, үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым киргендиктен, алардын баары команда мүчөсү катары өзүнүн иши, бири-бири менен өз ара аракеттенүүсү жана аткарган иши үчүн мамлекеттен алган каржылык шыктандыруулар жөнүндө айтып беришти.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун колдоосу менен уюштурган пресс-турга республикалык жана облустук ондон ашык ЖМК өкүлдөрү катышышты.

 

   

 

 

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз