720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
"Кургак учукту башкаруу" жана Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кургак учукту ийгиликтүү дарылаган медициналык кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштыруу

"Кургак учукту башкаруу" жана Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кургак учукту ийгиликтүү дарылаган медициналык кызматкерлерди материалдык жактан стимулдаштыруу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраеванын жетекчилиги астында Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын медициналык жардам көрсөтүүгө даярдыгы  жана кургак учуктан ийгиликтүү дарыланган учуру үчүн төлөм киргизүү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Кеңешмеге Ош облусунун саламаттыкты сактоо координатору, Ош облусунун ММК фондунун директору, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жана Ош облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Ош шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын деңгээлинде ишти уюштуруу маселелери, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун баштапкы деңгээлдеги медициналык санитардык жардам уюмдары менен  өз ара аракеттенүүсү, биоматериалдарды ташуу системасы, баштапкы саламаттык сактоо уюмдарын лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр менен камсыздоо маселелери каралды. Кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк медайымдардын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле Ош шаарынын жана Ош облусунун калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча башка маселелер чечилди.

Бул иш-чара USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз