720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Фтизиатрлар тажрыйба алмашууда

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын Кургак учук менен күрөшүү борборлорунун кызматкерлери Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканаларынын иш тажрыйбасы менен таанышты.

Меймандар шаардык онлайн-консилиумдун ишине абдан кызыгышты. Райондук фтизиатрлар өздөрүнүн бейтаптарынын абалы тууралуу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы жумуш орундарынан эле түз баяндап беришти. Мындан сырткары шаардык онлайн-консилиумдун аянтчасын пайдалануу менен анын катышуучулары чүйлүк кесиптештери менен байланышууга жана чүйлүк облустук консилиумдун ишин байкоого мүмкүнчүлүк алышты. Анткени USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жардамы менен шаардык жана облустук консилиумдун форматы бирдей алгоритм менен түзүлгөндүктөн, бишкектик жана чүйлүк фтизиатрлардын иши нарындык жана ысык-көлдүк кесиптештери үчүн түшүнүктүү болуп, алар өздөрүнө көп пайдалуу нерселерди алышты. Нарын облустук Кургак учук менен күрөшүү борборунун мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Аида Көкөтаева белгилегендей: «Республика боюнча консилиумдун иши жөнгө салынгандыкта жүрүүдө. Бизге абдан жакшы болду, себеби USAID долбоору бардык региондорго жардам берүүдө, андыктан биз дартты аныктоону жакшыртууда жана бейтаптарыбызды дарылоодо бирдей алга жыла алабыз». 

 

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз