720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Баткен радиосунда кургак учук жөнүндө ай сайын кеп болот

Быйылкы жылдын башынан тарта Баткендин “Салам” радиосунда ай сайын кургак учук тууралуу сөз болот. Мындай чечимди “Салам” радиосу менен Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору биргелешип кабыл алышты. Тараптар өз чечимин атайын Кызматташуу келишими менен расмийлештиришти.

Калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу кургак учук оорусунун жайылышына каршы туруу максатында “Салам” радиосу төмөндөгүдөй темаларды көтөрүүнү максат кылууда:

- кандай белгилер пайда болгондо кургак учукка текшерүүдөн өтүү зарыл;

- эмне үчүн эрте текшерүүдөн өтүү маанилүү жана диагноз тастыкталып калса кургак учукка каршы дарылоонун толук курсунан өтүү керек;

- эмне үчүн кургак учук менен ооруган адамдарды кодулоо жана басмырлоону азайтуу үчүн коомдун аларга болгон мамилесин өзгөртүү зарыл;

- кургак учук менен ооруган бейтаптын дарылоого болгон умтулуусун жогорулатыш үчүн кандац жардам берүү керек;

- кургак учук менен ооруган адамдарга жана алардын үй-бүлөсүнө кандай социалдык-психологиялык колдоо керек;

- учурда өлкөнүн кургак учукка каршы кызматында кандай максатта жана кандай реформалар жүрүп жатат ж.б.

Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору массалык маалымат каражаттары менен кызматташуунун жаңы багытын кубаттайт. Борбордун директору Жеңишбек Шарипов белгилегендей, баткендик фтизиатрлар “журналисттер сураган маалыматтарды тез арада берүүгө, “Салам” радиосунун уктурууларына өз адистеринин катышуусун камсыздоого жана жалпысынан журналисттерге радиоберүүлөрдү даярдоого зарыл болгон башка жардамдарды көрсөтүүгө даяр”.

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз