720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе
2023-жылдын 23-мартында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе өткөрүлдү. Кыргыз Республикасында март айы бою салттуу түрдө өткөрүлүүчү кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында бул иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Быйылкы жылы пресс-кафе төмөнкү темалар чагырдырылды:
  • Кургак учукту кантип аныктоого болот?
  • Кургак учукту кантип дарылоо керек?
  • Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учук менен ооругандарга кандай жардамдар көрсөтүлөт?
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүшөт?
  • Кургак учук жөнүндө айта берүү эмне үчүн маанилүү?
  • Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматында кандай реформалар жүргүзүлүп жатат?
Журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышты. Эксперттик топтун курамына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук физиология борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдардын (Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому, Айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы, ОФ "ТБ Пипл") адистери киришти. Алардан башка пресс-кафеге кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдар да катышышты.
«Калкка маанилүү социалдык көйгөйлөр жөнүндө маалымдоодо жана коомдук пикирди калыптандырууда ЖМКнын ролу чечүүчү мааниге ээ”, - деди Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. – Акыркы жылдарда ден соолукка жана кургак учукка байланыштуу темаларды чагылдыруу жакшырганына карабастан, кургак учукка чалдыккан бейтаптар жана алардын үй-бүлөлөрү баштан арбын өткөргөн кодулоо жана басмырлоого каршы туруу боюнча калкты маалымдандыруу жаатында дагы деле көп иштер алдыда. Биздин бейтаптар дарылоонун узак жана татаал курсунан өтүүгө аргасыз жана дарылануусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн медициналык кызматкерлер, өзүнүн үй-бүлөсү жана коомчулук тарабынан мүмкүн болушунча колдоого муктаж. ЖМК кургак учук жөнүндө так, анык жана кодулоосу жок маалыматты берүү менен коомдун кургак учукка мамилесин өзгөртүп, өлкөдө ичинде бул ооруну азайтууга жардам бере алышат”.
Сандар жана фактылар:
Улуттук фтизиатрия борборунун оперативдүү маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынын мезгилинде 2020-2021-жылдары кескин төмөндөөдөн кийин, Кыргызстан боюнча (анын ичинде КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында) кургак учук менен жаңы аныкталган бейтаптардын саны бир аз өстү. Ошентип, 2022-жылы кургак учук менен жаңы аныкталган 4018 бейтап катталган (калктын 100 миңине 60,0). 2021-жылдын ушул эле мезгилинде - 3891 (100 миң калкка 58,1), 2020-жылы - 3518 (100 миң калкка 53,5).
Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда сакталууда – 100 миң калкка 93,3 (2021-жылы – 100 миң калкка 88,2). Оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда – 100 миң калкка 41,3 (2021-жылы – 36,7).
Республика боюнча балдар арасында оорунун деңгээли өсүп, 2022-жылы калктын 100 миңине 14,7ни түздү (2021-жылы - 10,8; 2020-жылы - 8,1).
Өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооруугандардын саны 2022-жылы бир аз төмөндөдү жана 100 миң калкка 31,5ти түздү (2021-жылы – 100 миң калкка 37,3; 2020-жылы – 100 миң калкка 36,8). Өткөн жылдагыдай эле өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооруу Чүй облусунда – 100 миң калкка 64,7 (2021-жылы – 71,7) жана Ош шаарында – 100 миң калкка 57,0 (2021-жылы – 42,7) жогору.
Республика боюнча өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөп, 2022-жылы калктын 100 миңине 2,6 түздү (174 учур). 2021-жылы калктын 100 миңине 3,8ди (257 учур), 2020-жылы 100 миң калкка 3,9 түзгөн (259 учур).

 

     

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз