720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 1,2 млн. сомго медициналык жабдуулардын комплекттерин сатып алып, тапшырды

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 1,2 млн. сомго медициналык жабдуулардын комплекттерин сатып алып, тапшырды. Алгач жардамды Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жана поликлиникалар алышты. Оштун саламаттыкты сактоо мекемелерине жабдуулар апрель айынын аягына чейин жеткирилет. Рентген-сүрөттөрүн көрүү, дарылоону көзөмөлдөө жана биоматериалдарды ташуу үчүн жабдуулар USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында сатылып алынган.

11-апрелде Бишкек шаарынын №3, 4, 5, 6, 7, 8, 10 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Студенттик поликлиникасына рентген-сүрөттөрүн көрүү үчүн негатоскоптор, кургак учуктун дарылоосуна сапаттуу мониторинг жүргүзүү жана жагымсыз терс көрүнүштөрдү өз убагында аныктоо үчүн жабдуулар, жогорку сапаттагы диагностика жүргүзүү үчүн биоматериалдарды өз убагында жана коопсуз ташуу үчүн муздак баштыктар жана контейнерлер пшырылды.

Мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Ибраимовдун айтымында: «Бул жабдуулар баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине дарылоо жана биоматериалдарды ташуу стандарттарын сактоого жардам берет. Негизги максат – кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу”.

Бишкектин саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды тапшыруу аземине катышкан, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин Саламаттыкты сактоо жана билим берүү департаментинин башчысы Ниша Гупта USAID жана Кыргыз Республикасы көп жылдан бери кургак учук менен күрөөшүү жаатында кызматташып келет. Биз биргелешип кургак учуктан каза болгондордун санын кыскартууга  жетиштик, аныктоо жана дарылоонун сапатын бир топ жакшырттык. Бирок алдыда дагы көп иштер бар жана биз кызматташуубузду улантабыз”, - деп белгиледи.

Жардам кургак учук менен ооругандарды амбулатордук деңгээлде дарылоо сапатын жогорулатуу үчүн кургак учукка каршы кызматта жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында көрсөтүлүүдө. Буга чейин USAID Бишкектин №1, 2, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Темир жол ооруканасына жалпы суммасы 360 миң сомго медициналык жабдуулардын комплекттерин тапшырган.

 

Маалымдама: USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору КРнын кургак учукка каршы күрөшүү кызматына дарттын дарыларга туруктуу түрлөрүнүн аныктоо жана ооруп калган бейтаптардын дарылоосун жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштарга ылайык өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүүнү жакшыртуу үчүн системаларды, ресурстарды жана адамдык потенциалды чыңдоого багытталган.

 

        

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз