720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору 236 миң сомдук медициналык жабдууларды сатып алып Ош шаарларынын саламаттыкты сактоо мекемелерине тапшырды

18 майда Ош шаарынын Үй бүлөлүк дарыгерлер борборлору биоматериалдарды (какырыкты) ташуу үчүн муздаткыч баштыктарды жана контейнерлерди, рентген-сүрөттөрдү көрүү үчүн негатоскопторду, жагымсыз терс таасирлерди өз убагында аныктоо үчүн – камерондорду, Сивцев таблицаларын жана Ишихара тесттерин; бой ченегич менен таразаларды, медициналык документтерди сактоо үчүн картатекалык шкафтарды алышты. Бул жабдуулар баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине дарылоо стандарттарын сактоого жана биоматериалдарды ташууда жардам берет. Негизги максат – амбулатордук деңгээлде кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Бул жардам кургак учук менен ооруган бейтаптарды амбулатордук деңгээлде башкаруунун сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында көрсөтүлүүдө. Өткөн жылдан бери Ош шаарында USAIDдин “Кургак учуктан айыктыруу” долбоорунун техникалык колдоосу менен кургак учук менен ооруган учурларды башкаруу баштапкы медициналык-санитардык жардам денгээлинде бейтапка багытталган комплекстүү

Мурда USAID тарабынан Бишкек шаарынын Ленин районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна жана Темир жол ооруканасына медициналык жабдуулар тапшырылган.

Маалымдама: USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору КРнын кургак учукка каршы күрөшүү кызматына дарттын дарыларга туруктуу түрлөрүнүн аныктоо жана ооруп калган бейтаптардын дарылоосун жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштарга ылайык өлкөдөгү кургак учукка каршы күрөшүүнү жакшыртуу үчүн системаларды, ресурстарды жана адамдык потенциалды чыңдоого багытталган.

 

   

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз