720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
«КNСV-Кей Джи» Коомдук Фонду Улуттук фтизиатрия борборунун, Улуттук референс лабораториясына эки MinION платформасын жана ага тиешелуу реагенттерди тапшырды.

2023 жылдын 12 июнунда «КNСV-Кей Джи» Коомдук Фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун, Улуттук референс лабораториясына эки MinION платформасын жана ага тиешелуу реагенттерди тапшырды. Улуттук референс лаборатория азыркы учурда «МЫНДАН АРЫ ПАНДЕМИЯ ЖОК» долбоорунун алкагында нанопоралуу секвенирлөө иштерин активдуу жүргүзүүдө.

Нанопоралуу секвенирлөө - бул үчүнчү муундагы ДНКнын же РНКнын секвенирлөө ыкмаларынын жогорку денгээли болуп саналат. Ал нуклеиндик кислоталарга сезимтал болгон ар кандай материалдарды жана диаметри бир нече нанометрдик тешикчелерди колдонууга негизделген.

Бул инновациялык ыкманы ишке киргизүү KNCV Кургак учукка каршы Фондунун жана Голландиянын Улуттук Почта Лотереясынын колдоосу менен "KNCV-Кей Джи" Коомдук Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «МЫНДАН АРЫ ПАНДЕМИЯ ЖОК» долбоорунун алкагында мүмкүн болду.

Бул ыкманы колдонуу оорунун себебин тезирээк жана так аныктоого мүмкунчулук берет, ал өз кезегинде дарылоонун натыйжалуу болуусуна өбөлгө түзөт.

«МЫНДАН АРЫ ПАНДЕМИЯ ЖОК» долбоорунун, KNCV Кургак учукка каршы Фонду жана Голландиянын Улуттук Почта Лотереясы уюмдарынын колдоосу менен биздин лабораториябызда нанопоралуу секвенирлоо жеткиликтүү болуп жатат. Бул бизге жугуштуу ооруларды изилдөө жана көзөмөлдөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүүгө шарт түздү, ошондой эле келечектеги пандемияга каршы күрөшүүгө маанилүү салым кошту.

    

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз