720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2023-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын 2023-жылдын 3-майындагы чечимин ишке ашыруу боюнча семинар болуп өттү.

2023-жылдын 12-июлунда Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын 2023-жылдын 3-майындагы чечимин ишке ашыруу боюнча семинар болуп өттү.

Семинардын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын чечимин аткаруунун жыйынтыктарын, кургак учукка каршы кызматтын ишиндеги негизги көйгөйлөрүн жана жүргүзүлүп жаткан кургак учукка каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун талкуулоо болду.

Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бардык облустук борборлордун, аймактардын жана ошондой эле Бишкек шаарынын жүргүзүп жаткан иш-чараларынын жыйынтыктары чыгарылды.

 

  

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз