720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын медкызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармек менен камсыздооду башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүшүүдө

Республиканын түндүк аймактары жана Бишкек шаарынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын 60ка жакын медицина кызматкерлери эл аралык стандарттарга ылайык дары-дармектерди жеткирүү процессин башкаруу, аларды туура сактоо жана сапатын көзөмөлдөө боюнча билимдерин өркүндөтүштү. Тиешелүү тренинг Бишкекте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында өттү.

 

Тренингтин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) стандарттарына ылайык дары-дармектерди сактоо, бөлүштүрүү, ташуу жана бул процесстердин логистикасын санариптештирүү боюнча алдынкы тажрыйбалары менен USP – илимий бейөкмөт уюмунун эксперти Эрвин Лассой тааныштырды. Айта кетсек, азыркы учурда USP иштеп чыккан стандарттар140тан ашык өлкөдө иштеп жатат.

 

Кыргызстандын медициналык практикасында эл аралык стандарттардын колдонуусу кандай болушу керектиги – үстүбүздөгү жылдын май айында бекитилген КР Саламаттык сактоо министрлигинин эки документтин негизинде көрсөтүлгөн. Булар – Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дарыканаларды башкаруунун тартиби жана Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо тартиби. Эки документ тең «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жана USP эксперттеринин техникалык жардамы менен иштелип чыккан. Эксперттердин айтымында, сатып алуудан баштап пациенттерге берүүгө чейин дары-дармектердин сапатын контролдоо дарылоонун коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат. Андыктан тиешелүү стандарттарды киргизүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармектердин сапатына байланышкан көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Мындай экинчи тренинг август айына белгиленген. Бул ирет ага түштүк аймактарынын медицина кызматкерлери катышат.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз