2023 жылдын 25 июнунан 28 июнга чейин Улуттук фтизиатрия борбору, АИВ кызматы, Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү жана ПРООН долбоорунун командасы менен жолугушуу болуп өттү.
Бул жолугушуунун негизги максаты 2024-2026-жылдарга пландаштырылган иш-чараларды деталдаштыруу болду.
ГФнын жаңы грантынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаалды олуттуу жакшыртууга жана биздин өлкөдө жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө туруктуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет.