720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Бишкектеги «Кургак учук учурун башкаруу».

Бишкектеги «Кургак учук учурун башкаруу»

Бишкек шаарынын №9-ҮМБнын (үй-бүлөлүк медицина борборунун) райондук фтизиатры Бүкөш Асылымбекова мурда кургак учук негизинен стационардык дарыланганын, б.а. оорулуулар кургак учукка каршы ооруканаларда айлап жатууга туура келгенин, жумушун же окуусун көпкө калтырганын эскерет. Алардын жакындарына ооруканада узак убакыт жаткан тууганын колдоо психологиялык жана экономикалык жактан да кыйын болгон. «Бирок, белгилүү болгондой, кургак учукка каршы дарыланып жаткан адамдар дарылоо башталгандан көп өтпөй башкаларга жугуштуу болбой калышат, - деп белгилейт дарыгер. - Демек, мындан ары алар дарылоону амбулатордук шарта, б.а. үйдө – тааныш шарттарда жашап, күн сайын жакынкы баштапкы медициналык мекемеге дарыланууга барып, уланта алышат».

Кыргызстанда 2018-жылдан баштап, кургак учукту амбулаториялык дарылоо USAIDдин колдоосу менен иштелип чыгып, ишке киргизилип жаткан «Кургак учук учурун башкаруу» ыкманын негизинде ишке ашырылууда. Бул ыкма боюнча бейтаптын дарылоосун райондук фтизиатр-дарыгер, үй-бүлөлүк дарыгер, үй-бүлөлүк медайым (же айылдык фельдшер) түзгөн медкызматкерлердин тобу жүргүзөт. «Бейтапты жашаган жери боюнча дарылоодо чоң плюс бар, анткени үй-бүлөлүк дарыгер жана үй-бүлөлүк медайым бул бейтаптын кандай шартта жашаарын, дарыланууга канчалык берилерин башкалардан жакшы билишет», - деп эсептейт №9-ҮМБ караштуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун биринин үй-бүлөлүк дарыгери Шайирахан Махмудова.

№9-ҮМБнун директорунун орун басары Лира Жайлообаеванын айтымында, медициналык кызматтын бейтаптын жашаган жерине жакындашы – бул бир жагынан бейтаптын ыңгайлуулугу, экинчи жагынан үзгүлтүккө учураган дарылоолордун азайышы: «Биз шаардын четинде турабыз, адамдар болсо, шаарды аралабай, үйдүн жанында дарыланганды ыңгайлуу көрүшөт. Жол киреге да корошпойт. Натыйжада учурда биз дарылоосун үзгүлтүккө учураткан кургак учук менен ооруган бейтаптардын санын азайгандыгын көрүп жатабыз».

Кургак учукту ийгиликтүү дарылоонун башкы шарты – бул медициналык кызматкердин көзөмөлү астында кургак учукка каршы дары-дармектерди күн сайын кабыл алуу. Ошондуктан баштапкы медициналык мекеменин милдети – бейтаптын кызыкчылыгын эске алуу менен үзгүлтүксүз дарылоо үчүн шарттарды уюштуруу. Үй-бүлөлүк дарыгер Махмудованын камкордугундагы бир бейтап жалпы пикирди мындайча билдирет: «Белгилүү бир убакта медайым бизди күтөт, дарыларыбызды убагында ичебиз. Айына бир жолу текшерилип, анализдерди тапшырабыз. Кезекке турмай жок».

Бишкек шаарында кургак учук менен ооругандарды үй-бүлөлүк медицинанын камкордугуна өткөрүү алдында USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбору №9-ҮМБда эле 130га жакын кызматкерди окуткан. Андан башка, ишин санариптештирүүдөн баштап бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоого чейин, райондук фтизиатрдын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, кургак учук менен ооруган бейтаптарды баштапкы медициналык мекемелерге берүү алардын кызматкерлеринин жумушун көбөйүшүнө алып келгендиктен, аларга материалдык стимулдаштыруу атайын системасы иштелип чыккан. Бул система боюнча оң натыйжанын негизинде, б.а. дартты ийгиликтүү дарылоо үчүн гана төлөмдөр каралган:

-12000 сом – дарыга сезгич кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн,

- 24000 сом – дарыга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоо үчүн.

Лира Жайлообаеванын айтымында, «бул каражаттар аткарылган иштин көлөмүнө жараша аталган бейтаптын дарылоосуна катышкан медкызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрүлөт. Өткөн жылдан бери №9-ҮМБнун кызматкерлери кургак учук менен ооруган 52 бейтапты ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн эмгек акысына кошумча төлөмдөрдү алышкан».

Мындай медициналык кызматкерлердин бири үй-бүлөлүк медайым Нарынгүл Шамшиева алгачкы эки бейтап үчүн төлөм алганда таң калганын эскерет: «Ошол акча жакшы иштерге жарап берди. Курулуш иштерин жүргүзүп атам, көптөгөн чыгымдарды жаба алдым». Учурда Нарынгүлдүн дагы бир бейтабы кургак учукка каршы дарылоо курсун ийгиликтүү аяктап, шаардык консилиумунун чечимин күтүп жаткан кез. Анын жыйынтыгында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бул бейтапты дарылаган медкызматкерлерге стимул төлөмдөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алыш керек.

  

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз