720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
7-8 сентябрьда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү учун эки кундук тренинг болуп отту.

2023-жылдын 7-8-сентябрында ММК өкүлдөрү үчүн кургак учук 2023 боюнча БУУнун  жогорку деңгээлдеги жолугушууну чагылдыруу боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чаранын уюштуруучусу AFEW коомдук уюму болду.

Тренинг жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн кургак учукка байланыштуу дүйнөдөгү, Борбордук Азиядагы жана Кыргыз Республикасындагы көйгөйлөр жана артыкчылыктар тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган.

Тренинг ЖМК өкүлдөрүнө кургак учук чөйрөсүндөгү актуалдуу темаларды эффективдүү чагылдыруу үчүн зарыл болгон уникалдуу түшүнүктөрдү жана билимдерди берди. Бул AFEW тарабынан чакырылган адистердин жана эксперттердин, ошондой эле жугуштуу ооруларга каршы күрөшкөн өнөктөштөрдүн жана уюмдардын аркасында мүмкүн болду.

Бул иш-чара катышуучуларга Кыргыз Республикасында, Борбордук Азияда жана дүйнө жүзүндө кургак учук боюнча билимдерин тереңдетүүго мүмкүнчүлүгүн берди.

Бул маанилүү иш-чараны уюштургандыгы үчүн AFEW коомдук уюмуна ыраазычылык билдиребиз жана ошондой эле бул тренингди “Кургак учукту токтотуу” өнөктөштүгү жана ошондой эле Саламаттыкты сактоо саясаты жана изилдөө борбору (PAS) колдогондугун белгилейбиз.

  

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз