720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2023-жылдын 13-сентябрында Улуттук фтизиатрия борборуна медициналык жабдууларды жана эмеректерди тапшыруу аземи болуп өттү.

2023-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда “Улуттук борборду медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу” долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу" гранттык программасынын негизинде балдар бөлүмүнө медициналык жабдууларды жана эмеректерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы Япония Өкмөтүнүн атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидекинин, УФБнун мудуру Кадыров Абдуллаат Саматовичтин жана ошондой эле Министрликтин өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп оттү.

2022-жылдын 4-мартында кол коюлган Гранттык келишимге ылайык, бул долбоордун алкагында Улуттук фтизиатрия борборуна жалпы суммасы 150 437 АКШ долларын түзгөн электрондук-оптикалык өзгөрткүч (Philips), жасалма дем алдыруучу аппарат, операциялык лампа, балдар бөлүмүндөгү керебеттер жана шкафтар өткөрүлүп берилди.

              

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз