720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда кургак учуктун компьютердик диагностикасын ишке киргизүү аземи болуп өттү.

2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда кургак учуктун компьютердик диагностикасын ишке киргизүү аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Масабиров Т.А., Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев А.С., Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Ибраева Н.С., ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал айым, ПРООНдун менеджери Бабичева И.В., ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү УФБ директору Кадыров А.С. жана башка көптөгөн ардактуу меймандар катышты. 

Бул маанилүү иш-чара СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган гранттын алкагында мүмкүн болду. 

Улутук фтизиатрия борборунун кароо кабинети оңдолуп, заманбап КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылды. 

Бул маанилүү кадам биздин өлкөдө медициналык диагностиканын сапатын жогорулатуунун ачкычы болот!

 

                      

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз