720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (“Эркин-Тоо” гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1391-берене менен толукталсын:

“1391-берене. Медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкерди коркутуу же ага карата зомбулукту колдонуу

1. Медициналык же фармацевттик жана педагогикалык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага карата өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруудан коркуу үчүн жетиштүү негиз болсо, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине (“Эркин-Тоо” гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

159-берененин 1-бөлүгү “139-” деген цифралардан кийин “1391-” деген цифралар менен толукталсын.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз