720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2024-жылдын 4-5-июнунда Улуттук фтизиатрия борборунун Улуттук референс-лабораториясы АКШнын Джорджия штатындагы Эмори университетинен жана Швейцариянын Тропикалык медицина жана коомдук саламаттыкты сактоо институтунан келген ардактуу конокторду кабыл алды

2024-жылдын 4-5-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин УФБорборунун Улуттук референс-лабораториясы АКШнын Джорджия штатындагы Эмори университетинен жана Швейцариянын Базель шаарындагы Тропикалык медицина жана коомдук саламаттыкты сактоо институтунан келген ардактуу конокторду кабыл алды.

Белгилүү микробиологдор лаборатория менен таанышып, кызматкерлер менен учурдагы абалды талкуулаштып келечектеги кызматташууга ишенимин билдиришти. 

Бул маанилүү иш-чара кургак учукка, өзгөчө көп дарыга туруктуу кургак учук формасына каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташууга, билим жана тажрыйба алмашууга болгон умтулуубузду баса белгилейт.

Кургак учуктун геномун максаттуу секвенирлоо үчүн болгон потенциал өзгөчө кызыгууну жаратты жана ошондой эле кургак учук жана анын туруктуу формаларын диагностикалоонун күнүмдүк ыкмасы катары программаны ишке ашырууга даярдалып жатат.

Биздин ишибизге кызыгуусу үчүн урматтуу кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз жана микобактериология тармагында узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз.

 

    

 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз