2024-жылдын 3-июлунан тартып өлкөбүздүн түштүк аймактарындагы баштапкы медициналык мекемелер үчүн Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан уюштурулган тренингдер уланууда.
Тренингдин катышуучулары төмөнкүдөй негизги аспектилерди өздөштүрүштү:
1️⃣ Дары-дармектерди эффективдүү камсыздоо үчүн дарыкананы башкаруу.
2️⃣ Дарылардын сапатын жана коопсуздугун сактоо үчүн аларды туура сактоо.
3️⃣ Бардык керектүү ченемдерди жана эрежелерди эске алуу менен дары-дармектерди сактоо.
Бул тренингдер медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү деңгээлин жогорулатууга жардам берет.