720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2024-жылдын 1-октябрында Улуттук фтизиатрия борбору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык региондук бюросу менен «Кургак учуксуз Борбордук Азия» аймактык демилгесине арналган маанилүү талкуулоо өткөрдү.

Талкуунун журушундо Улуттук фтизиатрия борборунун директору А. Кадыров Борбордук Азиянын беш өлкөсү ортосунда натыйжалуу тажрыйба алмашуу үчүн негиз боло ала турган кургак учукту аныктоо, диагностикалоо жана дарылоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты тажрыйбасы менен тааныштырды.

ЕвроВОЗдун аймактык кеңешчиси А.Эдилбаев жана ДСУнун консультанты М.Волик Кыргызстанда индикаторлордун олуттуу жакшыргандыгын баса белгилеп, кийинки муундун секвенирлөө ыкмасын колдонууга кызыгууну жана кургак учукка каршы программаны каржылоону реформалоо зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан алдыдагы басылма үчүн маалыматтарды берүүгө жана кургак учук менен күрөшүүдө дос өлкөлөр менен кызматташууну активдүү колдоого даяр экендигин билдирди, бул аймактын сергек келечекке умтулуусун баса белгилейт.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз