720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
31.10.2024 Улуттук фтизиатрия борбору менен John Snow Inc командасынын ортосунда биринчи жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 31-октябрында Улуттук фтизиатрия борбору менен USAIDдин «Кургак учуктан айыктыруу-2» масштабдуу долбоорун ишке ашыруучу John Snow Inc командасынын ортосунда биринчи жолугушуу болуп өттү.

Долбоордун жетекчиси Ибраимова Айнура Султановна өзүнүн командасы менен тааныштырып, алдыдагы 5 жылдык иштердин негизги багыттары тууралуу кеңири айтып берди.

Долбоор кийинки маанилүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган:

• 2022-2026-жылдарга «Кургак учук-VI» мамлекеттик программасын колдоо

• USAIDдин кургак учукка каршы глобалдык стратегиясынын принциптерин ишке ашыруу (2023-2030)

• Кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу

• «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунда жетишилген натыйжаларды бекемдөө

• Диагностиканын жана дарылоонун заманбап инновациялык ыкмаларын киргизүү

• Улуттук кургак учукка каршы кызматтын потенциалын чыңдоо

Улуттук фтизиатрия борбору менен USAID командасынын биргелешкен аракеттери Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүүдө олуттуу натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз.

  

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз