2025-жылдын 23-январында Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологиялар борборунун жыйындар залында бактериологиялык тастыкталган кургак учуктун жаңы учурларын жана рецидивдерин аныктоо үчүн медициналык кызматкерлерге төлөмдөрдү төлөө тартиби жөнүндө долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Жыйынды Саламаттыкты сактоо министрлигинин баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Г.Сутуева алып барды.
Г.К. Адырбекова (ЧБКБТ) жана Э.О. Низамбаева (УФБ) кургак учуктун жаңы учурларын жана бактериологиялык тастыкталган рецидивдерди эрте аныктоо үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматкерлерине төлөмдөрдүн стратегиясынын долбоорун сунушташты.
Талкуунун жыйынтыгында айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен стратегияны тез арада кайра карап чыгуу чечими кабыл алынды.