Кыргыз Республикасынын Улуттук кургак учукка каршы программасы Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык иш-чараларды ишке ашырууну улантууда. 27-мартта Улуттук фтизиатрия борборунда илимий-техникалык кеңештин жыйыны болуп өттү. Кеңеш мүчөлөрү, клиникалык-диагностикалык бөлүмдөрдүн башчылары чогулуп, кургак учукка каршы күрөштүн маанилүү маселелерин талкуулашты.
Негизги темалар:
🔹 Кыргыз Республикасындагы учурдагы эпидемиологиялык абал - м.и.д., профессор, УФБнин директор А.Кадыровдун баяндамасы
🔹 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кургак учук-6" Улуттук программасын ишке ашыруу - м.и.к., УФБнин гранттар жана өтүнмөлөр боюнча координатору, Н.Мойдунованын баяндамасы
Жаңылыктардан кабардар болуңуз жана кургак учуксуз келечек үчүн күрөшкө кошулуңуз!