720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кургак учукка каршы бир айлык: Бишкекте мониторинг жана баалоо тегерек столу

2025-жылдын 28-мартында УФБ 2025-жылдын 10-февралынан 14-февралына чейин Бишкек шаарында өткөрүлгөн мониторинг визитинин жыйынтыктарын талкуулоо үчүн №1, 3, 4, 9, 10 ҮМБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурду.

Күн тартибиндеги негизги маселелер:
Кириш сөзү А. Кадыров жана Т.К. Баялиева.
2024-жылга карата Бишкек шаарындагы кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал - И.В. Ющенко.
2024-жылдын когорттук анализи - И.В. Ющенко жана А.Арстанбекова.
Мониторингдин жыйынтыктары - Ч. Б.Нургазиева.
Рифампицинге туруктуу кургак учук боюнча талкуу - Губанкова И.А.
Бишкек шаарында кургак учук боюнча маалыматтарды онлайн текшерүү - Б.Ражапов.
Кургак учукту дарылоонун коопсуздугуна активдүү мониторинг жүргүзүү - Э.Карыбекова.
«Ишеним нуру» коомдук уюму менен кызматташууну - Н.К. Мойдунова.

Биз бардык баяндамачыларга жана катышуучуларга баалуу салымдары жана идеялары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү менен биз Бишкекте кургак учукту жеңүүгө кадамдарды жасап жатабыз.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз