21-майда УФБнда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча аймактык борборлордун катышуусунда гибрид форматында кургак учукту эрте аныктоо үчүн AI менен көчмө рентген аппараттарын колдонуу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Кургак учукка каршы улуттук программа Кыргыз Республикасында жасалма интеллекти (AI) бар көчмө рентген аппараттарын колдонууга арналган форумду ийгиликтүү өткөрдү. Иш-чаранын максаты - заманбап технологияларды колдонуу менен кургак учукту эрте аныктоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Кургак учук менен күрөшүүдө санариптик чечимдерди иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы жана салымы үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!