720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кургак учук менен ооругандарды аныктоо үчүн дем берүүчү төлөмдөр механизмин ишке ашыруу боюнча медициналык кызматкерлерди окутуу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги “БМСЖ (ПМСП) уюмдарында амбулаториялык деңгээлде кургак учуктун жана бактериологиялык тастыкталган рецидивдердин жаңы учурларын аныктоону каржылоо механизмин ишке ашыруу жөнүндө” № 422-буйругун ишке ашыруунун жана Кургак учукка каршы улуттук программанын алкагында БМСЖнын медициналык кызматкерлерине эмгек акы төлөө тартиби боюнча окуу өткөрүлдү.

Бул окутуунун максаты - медицина кызматкерлеринин кургак учук боюнча кыраакылыгын жогорулатуу, ооруну эрте аныктоону жакшыртуу, калктын аярлуу катмарын скринингдик камтууну кеңейтүү жана кургак учукка шектелген адамдарга диагностикалык алгоритмди ишке ашыруу.

Иш-чаралардын алкагында:

  • Ош облусунда 84 медицина кызматкери жана Жалал-Абад облусунда 667 медицина кызматкери учун жеринде окутуу жүргузүлдү;
  • Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарынан 123 медицина кызматкерлери үчүн онлайн тренинг өткөрүлдү.

Дем берүүчү төлөмдөр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, жалпы практикалык борборлордо, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшердик-акушердик пункттарда иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана медайымдарды колдоого багытталган. Каржылоо Глобалдык фонд тарабынан 2024-2026-жылдарга карата «Кыргыз Республикасында АИЖВке жана кургак учукка каршы натыйжалуу күрөшүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 27-мартындагы №306 буйругу менен бекитилген кургак учук оорусун аныктоонун жаңыланган алгоритми боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге, медайымдарга, фтизиатрларга жана фтизиатрлар ФМП координаторлоруна окутулду. Адистерге клиникалык колдонмолордун жана протоколдордун электрондук версиялары берилип, андан ары үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана фтизиатрларга бөлүштүрүлдү.

Улуттук Фтизиатрия Борбору Кыргыз Республикасында кургак учукту эрте аныктоонун жана ийгиликтүү дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында баштапкы медициналык-санитардык жардам системасынын потенциалын чыңдоо боюнча ишин улантат.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз