Кургак учук боюнча сабаттуу жана далилдерге негизделген медиа чагылдыруу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууда жана стигманы азайтууда маанилүү кадам болуп саналат. Улуттук кургак учук программасы келечектеги медиа адистеринин бул маанилүү темага болгон кызыгуусун кубаттайт.
Бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө карата Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Журналистика жана коммуникация институтунда тематикалык сынак өткөрүлдү. "Медициналык журналистика" программасынын студенттери кургак учук (КУ) жана ВИЧ боюнча эң мыкты эссе жазуу үчүн ат салышты.
25 иштин ичинен калыстар тобу эң мыкты 10 эссени тандап алды, алардын авторлору маселени терең түшүнгөнүн жана чыгармачыл мамиле жасаганын көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр иш-чаранын өнөктөшү болгон "Позитивдүү жаштар" коомдук фондунан китеп сатып алуу үчүн сертификаттарды алышты.
Журналистика жана коммуникация институтунун директорунун орун басары Г. Алдашева катышуучулар медициналык темалардын татаалдыгын түшүнүүгө гана эмес, аларды окурмандарга так жана оригиналдуу түрдө жеткирүүгө да умтулганын канааттануу менен белгиледи:
"Бул илимий жактан негизделген, билим берүүчү маалыматтык материалдарды түзүүдөгү көндүмдөрүңүздү өнүктүрүүдөгү сиздин биринчи жетишкендигиңиз", - деп баса белгиледи ал студенттерге кайрылып.
