720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Улуттук фтизиатрия борборунун жаңы директору менен тааныштырды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Д.Осмонов Улуттук фтизиатрия борборуна (УФБ) иш сапары менен келип, мекеменин жамаатына жаңы жетекчини расмий түрдө тааныштырды.

Борбордун буга чейинки директору, медицина илимдеринин доктору, профессор А. Кадыров өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Борбордун жамааты профессорго фтизиатрия кызматын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык эмгеги үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын №294 тескемесине ылайык, Боржиев Урматбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды."

Тааныштыруу иш-чарасынын алкагында министр Д.Осмонов мекеменин кызматкерлери менен жолугушуп, ачык форматта баарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр жамааттын кызыктырган бардык суроолоруна жооп берип, тармактагы алдыга коюлган маанилүү милдеттерге токтолду.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо министри жалпы жамаатты жаңы директор У.Боржиевди колдоого чакырды. Ал жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү жана мекеменин алдындагы максаттарга жетүү үчүн биргеликте, ынтымактуу жана натыйжалуу иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз