720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Диагностикадагы алдыңкы технологиялар: УФБ нанопоралык секвенирлөө үчүн жабдууларды алды

30-мартта Улуттук фтизиатрия борборунда MinION түзмөктөрүн колдонуу менен геномдук таргеттик нанопоралык секвенирлөөнү жүргүзгөн лабораториялар үчүн жабдууларды, реагенттерди жана сарпталуучу материалдарды тапшыруунун расмий аземи болуп өттү. ⠀ Иш-чарага Кристин Кремер, Ноут Херманс жана борбордун директору Кадыров Абдуллат Саматович катышты. ⠀ Директор өз сөзүндө белгилегендей, нанопоралык секвенирлөөнү киргизүү системалуу иштин, эл аралык кызматташтыктын жана мамлекеттин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. ⠀ Бүгүнкү күндө жабдуулар өлкөнүн төмөнкү негизги лабораторияларына өткөрүлүп берилди:

  • Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору (ООККБ)

  • Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору (ЖАОККБ)

  • Бишкек-Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору (БЧОККБ)

  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин (ОААжМСЭКД) алдындагы антимикробдук резистенттүүлүк (АМР) боюнча референс-лабораториясы

  • Ош оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (ОААжМСЭКБ) ⠀ Бул жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук системасын чыңдоо жана алдыңкы илимий чечимдерди практикалык саламаттыкты сактоо тармагына киргизүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.



  •  

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз