720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
MoVE-Kaz программасынын делегациясынын Улуттук фтизиатрия борборуна визити: кызматташтыктын жана биргелешкен изилдөөлөрдүн келечеги

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна (УФБ) MoVE-Kaz (Казакстандагы молекулярдык вирусология жана эпидемиология боюнча окутуу) эл аралык программасынын делегациясы келди. Делегациянын курамында доктор Сайед Али (Назарбаев Университети, Казакстан) жана доктор Стен Вермунд (Түштүк Флорида Университети, АКШ), ошондой эле программанын учурдагы стипендиаттары болду.

Визиттин алкагында коноктор Улуттук референс-лабораториянын (УРЛ) иши менен таанышып чыгышты. Учурда УФБнын лабораториялык дарыгери А.Искакова MoVE-Kaz программасынын бир жылдык сертификаттык окуусунан өтүп, өзүнүн кесиптик потенциалын жогорулатып жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүп жатканы биз үчүн чоң сыймык.

Визиттин негизги окуясы делегациянын Улуттук фтизиатрия борборунун директору Урматбек Боржиев менен жолугушуусу болду. Тараптар жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өнөктөштүктү бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Талкуунун негизги темалары коомдук саламаттыкты сактоо тармагында чек ара аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кургак учукту диагностикалоо жана дарылоо жаатында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр болду.

Мындай эл аралык жолугушуулар өлкөбүздүн диагностикалык жана клиникалык потенциалын жогорулатууда, ошондой эле улуттук деңгээлде кургак учукка каршы күрөшүүгө инновациялык ыкмаларды киргизүүдө маанилүү роль ойнойт.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз