720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Күлкү жана кубаныч майрамы: 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү!

Бүгүн балдар бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн чыныгы жарык жана мээримдүү майрам өттү. УФБ (Улуттук фтизиатрия борбору) досторубуз жана өнөктөштөрүбүз менен биргеликте балдарга позитивдүү эмоцияларды тартуулап, алар медициналык процедураларды унутуп, балалыктын бактылуулугуна бөлөнүшү үчүн аракет кылышты.

Шайыр аниматорлордун аркасында балдар чын жүрөктөн көңүл ачышты: ойноп, бийлеп, көп кыймылдап, кызыктуу оюндарга катышышты.

Ал эми майрамды күтүүсүз белектерсиз кантип элестетүүгө болот? Бардык балдар УФБ кызматкерлеринин ынтымактуу жамааты жана «Ден соолук нуру» коомдук фонду тарабынан сонун белектерди алышты. Ал эми күндүн эң таттуу көз ирмеми - КММАнын Фтизиатрия кафедрасы тарабынан белекке берилген чоң торт болду.

Балдарга ушул жомокту тартуулоо үчүн күч-аракетин бириктиргендердин баарына терең ыраазычылык билдиребиз! 

Кичинекей баатырларыбыздын тезирээк сакайып кетишин, бекем ден соолукту жана эң бактылуу, жаркын балалыкты каалайбыз!

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз