Улуттук фтизиатрия борборунун Улуттук референс-лабораториясынын (УФБ УРЛ) адистери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын лабораториясынын (биологиялык жана геномдук-молекулярдык изилдөөлөр бөлүмү) эксперттер тобу менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Талкуунун негизги темасы – лабораториялык менеджмент жана эл аралык аккредитацияга даярдык көрүү жаатында тажрыйба алмашуу болду.
УФБнын Улуттук референс-лабораториясы ISO 15189 эл аралык сапат стандартына ылайык ийгиликтүү иш алып барып жаткандыктан, Борбордун адистери учурда ушундай эле аккредитациядан өтүүгө даярданып жаткан ИИМ тутумундагы кесиптештерине насаатчы катары чыгышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер кеңири каралды:
Ведомстволор аралык кызматташуу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу Кыргызстанда лабораториялык кызматты өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. УФБ менен КР ИИМдин күч-аракеттерин бириктирүү өлкөдөгү биологиялык жана геномдук-молекулярдык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, алардын эң жогорку дүйнөлүк стандарттарга жооп беришин камсыз кылууга шарт түзөт.