Бугүн Бишкек шаарында Тажикстан Республикасынын жумушчу делегациясы иш сапары менен жүрөт. Делегациянын курамына Дүйшөмбү шаарынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу органынын "Акылдуу шаар" мамлекеттик ишканасынын, Дүйшөмбү шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Тажикстандын борборундагы алдыңкы медициналык мекемелердин башкы дарыгерлери кирди.
Сапардын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын санариптештирүүдөгү алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү.
Жумушчу жолугушуулардын алкагында тараптар медицинаны санариптик трансформациялоого байланышкан кеңири маселелерди талкуулап жатышат. Негизги темалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү.
Бейтаптардын электрондук медициналык карталарын жана электрондук рецепттер системасын киргизүү.
Медициналык кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүү.
Учурдагы маалыматтык системаларды интеграциялоо.
Маалыматтык коопсуздукту жана жеке маалыматтардын ишенимдүү корголушун камсыз кылуу.
Программанын маанилүү бөлүгү катары УФБнун базасындагы жолугушуу болду. УФБнун IT-адистери тажикстандык кесиптештери үчүн Кургак учукка каршы иш-чараларды башкаруунун маалыматтык системасынын (TB MIS) кеңири бет ачарын өткөрүштү. Эксперттер системанын маалыматтарды чогултуу, сактоону жана мониторинг жүргүзүү автоматташтыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.