720075, г.Бишкек, ул.И. Ахунбаева, 90а
Долбоордук сунуштарды баалоо жана/же коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча эксперттерди УФБ эксперттеринин электрондук маалымат Базасына киргизүү үчүн Конкурс жарыялайт.

ЖАРЫЯ

Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» Мыйзамын, 2021-2023-жылдарга мамлекеттик социалдык заказ Программасын аткаруу максатында долбоордук сунуштарды баалоо жана/же коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча эксперттерди УФБ эксперттеринин электрондук маалымат Базасына киргизүү үчүн Конкурс жарыялайт.

Конкурсту жарыялоо датасы: 26 май 2023-жыл

Мамлекеттик заказчынын аталышы: Улуттук Фтизиатрия Борбору

МСЗ конкурсунун аталышы: Кийинки байкоо көзөмөлүнөн жоголгон кургак учук менен ооруган бейтаптар.

Улуттук фтизиатрия борбору ушул кулактандырууда көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуу талапкерлерди УФБ эксперттеринин электрондук маалымат Базасына кирүү үчүн Конкурска катышууга чакырат.

УФБ эксперттеринин электрондук базасына кирүү үчүн талапкерлерге коюлган талаптар:

Кургак учук маселелери боюнча бир же бир нече тармактарда 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар адамдар, долбоордук сунуштарды тандоо иштери боюнча, долбоорлорду, программаларды мониторингдөө жана баалоо боюнча, ошондой эле төмөнкү тармактар боюнча:

• жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коргоо;

• жаштарды колдоо;

• билим берүү жана агартуу;

• ден соолук жана физикалык бакубаттуулук;

• медициналык жардам;

• жакырчылыктын денгээлин кыскартуу;

• дене тарбия жана ышкыбоздук спорт;

• адам укуктарын, анын ичинде расалык, этникалык, диний, гендердик же басмырлоонун башка түрлөрүн жок кылуу, анын ичинде адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо;

• коомдук тартип жана коомдук макулдук;

• мигранттарга, аргасыз жер которгондорго жана качкындарга жардам көрсөтүү.

Маалымат базадагы эксперттер ишкердик чөйрөсүнө жараша топтоштурулат.

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

1. эксперт-талапкердин конкурска катышууга арызы (эркин формада);

2. байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен резюме, кургак учук маселелери боюнча компетенттүүлүгүн тастыктаган иш тажрыйбасы жөнүндө, долбоордук сунуштарды тандоо, долбоорлорду, программаларды мониторингдөө жана баалоо боюнча, жогоруда ушул кулактандырууда көрсөтүлгөн багыттар боюнча маалымат.

3. билими, кесиптик тажрыйбасы жөнүндө маалымат (резюме);

4. Эксперт-талапкердин кесиптик сапаттарын тастыктоочу үч (3) адамдын иштеген жерин жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен байланыш маалыматтары.

5. талапкердин мотивациялык каты.

Документтер мамлекеттик заказчынын жеке өзүнө, почта аркылуу же электрондук почта аркылуу берилиши мүмкүн.

Конкурска катышуу үчүн документтер кабыл алынат: 2023-жылдын 16-июнга чейин  чейин Бишкек ш., Ахунбаев 90а көч. атайы же электрондук почта аркылуу: fr.chinshailo@gmail.com (тандоо жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде).

Мамлекеттик заказчынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары жана Конкурстун шарттары жөнүндө маалымат жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылуу мөөнөтү:

Маалымат жана тактоолор боюнча кайрылуу үчүн мамлекеттик заказчынын ыйгарым укуктуу адамынын байланыш маалыматтары:
Фамилиясы жана аты – Чиншайло Фируза
Телефон номери:+996(312)-57-09-36 , +996(552)-92-92-64
Электрондук почта дареги - fr.chinshailo@gmail.com

Другие новости
Подпишитесь в социальных сетях