720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
«Кургак учукту башкаруу» жана кургак учукту баштапкы саламаттык сактоо деңгээлинде ийгиликтүү дарылоо үчүн материалдык стимулдар

Бишкек шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын медициналык мекемелеринде «Кургак учукту башкаруу» деп аталган бейтапка багытталган ыкманы комплекстүү ишке ашыруу башталды. Анын максаты кургак учукка каршы медициналык жардамды бейтаптын жашаган жерине мүмкүн болушунча жакындаштыруу, кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ошону менен бирге кургак учуктун жугуу коркунучун азайтуу болуп саналат.

Бул иш КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги №432 «Бишкек шаарынын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү жөнүндө» буйругунун негизинде ишке ашырылып келет. Буга чейин «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда 2018-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет.

Медициналык кызматкердин көзөмөлүндө күнүмдүк дары-дармек кабыл алуу - кургак учукка каршы дарылоонун зарыл шарты болуп эсептелинет. Аны эске алуу менен «Кургак учукту башкаруу» бейтаптын жашаган жеринде сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Т.а. эгерде мурда бейтаптар аралыкка, ден соолугунун абалына жана коомдук транспортту пайдалануудагы жана башка ыңгайсыз учурларга карабастан, шаардын борборлоштурулган мекемесине күн сайын барууга туура келсе – ал эми азыркы учурда бейтаптар үйүнүн жанындагы үй-бүлөөлүк медициналык мекемесинде дарыланып жатышат. Ошентип, саламаттыкты сактоо системасы бейтаптын муктаждыктарын эске алып, бейтапка багытталган принцибин камсыз кылып жатат. Белгилей кетсек, кургак учукка каршы дарыланып жаткан бейтаптар ооруну айланасындагыларга жугузбайт.

Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринде ар бир бейтап үчүн кургак учук менен күрөшүү боюнча топ түзүлөт. Анын курамына райондук фтизиатр жана үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери кирет. КРнын Өкмөтүнүн токтомуна (2017-жылдын 17-январындагы) жана КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин (2018-жылдын 22-октябрындагы) жобосуна ылайык, алар:

 

  • бейтапка ыңгайлуу дарылоону уюштуруу;
  • дарылоонун жүрүшүнө клиникалык мониторинг жүргүзүү;
  •  бейтаптын дарылоого кармануусун баалоо, калыптандыруу жана мониторинг жүргүзүү;
  •  аны психологиялык жана социалдык жактан колдоо;
  •  бейтап менен байланышта болгон адамдарды текшерүүнү жүргүзүшөт.

«Кургак учукту башкаруу» тобунун мүчөлөрүнө кошумча милдет жүктөлгөнүнө байланыштуу, «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) бюджети жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык, аларга материалдык стимулдар каралган:

  • 12 000 сом - дарыларга сезимтал кургак учуктун ар бир учуруна,
  • 24 000 сом - дарыларга туруктуу кургак учуктун ар бир учуруна.

Бул каражаттар аларга жуктөлгөн функцияларды жана жумуш көлөмүнө жараша топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Кургак учуктан ийгиликтүү дарыланган, райондук же шаардык консилиумдун текшерүүсү менен тастыкталган учурлар гана төлөнүүгө тийиш.

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз