720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Кургак учукка байланыштуу темаларды эң мыкты чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүнүн арасында сынак жарыяланат

USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте кургак учукка байланыштуу темаларды, анын ичинде өлкөнүн кургак учукка каршы күрөшүү кызматында жүргүзүлүп жаткан реформаларды, эң мыкты чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүнүн арасында сынак жарыялайт.

Сынак ЖМК аркылуу кургак учук менен байланышкан актуалдуу маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлөт. Анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары;

- кургак учуктан жабыркаган адамдардын кодулоо жана басмырлоосун азайтуу жана алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында коомдук мамилени өзгөртүү;

- кургак учук диагнозун аныктоого текшерүү жана дарт аныкталган учурларда дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарына эрте кайрылууга шыктандыруу;

- кургак учук менен ооругандарды дарыланууга умтулуусун жогорулатуу.

 

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1. Телевидениедеги эң мыкты иш,

2. Радиодогу эң мыкты иш,

3. Интернеттеги эң мыкты иш,

4. Гезиттеги эң мыкты иш.

 

Сынакка 2023-жылдын 24-мартынан 31-октябрына чейин теле/радио эфирге чыккан, интернеттеги маалымат ресурстарында, басма сөз каражаттарында жайгаштырылган кыргыз жана орус тилдериндеги автордук иштер кабыл алынат. Башка сынактарга катышкан чыгармалар бул сынакка кабыл алынбайт. Тиркемеде - Конкурс жөнүндө жобо, сынакка катышуу жана маалыматтык макулдуктун формалары.

Конкурстук иштерди чогултуу: Бишкек ш., Раззаков көч., 15, офис 6. Тел.: +312 988 102.

 

+708 808 804 (Иманкулова Нурия), nuriia_imankulova@kg.jsi.com

+555 25 25 16 (Алимахунов Анарбек), anarbek_alimakhunov@kg.jsi.com

 

Тиркеме: Сынактын эрежелери менен бул шилтемеден тааныша аласыз. 

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз