720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
Oxford Nanopore Technologies MinION аппаратында нанопоралуу секвенирлоо боюнча тренинг журуп жатат.

2023-жылдын 11-сентябрынан 22-сентябрына чейин «KNCVKG» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Пандемияны токтотуу» долбоорунун алкагында MinION нанопоралуу секвенсерилоону колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлүүдө. 

Геномду секвенирлөө – бул аныктоо, терүү жана дары-дармектерге сезгичтикти текшерүү үчүн универсалдуу тест. 

KNCV TB Plus лабораториясынын илимий кызматкери, медицина илимдеринин доктору Кристин Кремер жана RIVM кызматкери Нуд Херманс Бишкекке секвенирлөөнүн жаңы технологиясын Кыргызстанда пилоттук түрдө киргизүү үчүн келишти. Жакшы натыйжалар менен, портативдик реалдуу убакыт режиминдеги нанопора ДНК жана РНК секвенирлөө куралы аймактык деңгээлде анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча нанопоралуу секвенирлөөнү валидациялай баштаган төрт өлкөнүн катарына кирген.

 

                  

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз