720075, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 90а
2024-жылдын 20-25-майына чейин жасалма интелект рентген апаратынын жардамы менен Кара-Суу райондук үй бүлөлүк медицина борборунда скрининг жүргүзүлдү.

ДООР проектисинин, Улуттук фтизиатрия борборунун, ООЦБТ, Кара-Суу райондук, мамлекеттик администрацияларынын жардамы менен 2024-жылдын 20-25-майына чейин, жасалма интелект рентген апаратынын жардамы менен Кара-Суу райондук үй бүлөлүк медицина борборунда скрининг жүргүзүлдү. 

20-май күнү Манас айыл аймагында 35 жаранды рентген изилдөөдөн өткөрүп, 1 жаран кургак учук оорусуна шектелип, какырык анализдери алынды. 

21-май күнү Ала-Тоо айыл аймагында 67 жаранды изилдөөдөн өткөрүп, анын ичинен 6 жаран кургак учукка шектүү деп табылып, 4 жарандан какырык анализи алынып, 2 жарандан эртен менен алына турган болду.

22-май күнү Датка айыл аймагында 44 жаранды изилдөөдөн өткөрүп, 2 жаран шектүү деп табылып, какырык анализдери алынды. 

23-май күнү Мады айыл аймагында 59 жаранды изилдөөдөн өткөрүп, 2 жаран шектүү деп табылып, какырык анализдери алынды. 

24-май күнү Кара-Суу шаарында 51 жаранды изилдөөдөн өткөрүп, 3 жаран шектүү деп табылып, какырык анализдери алынды. 

Кургак учук таякчасы табылган жок, шектүү жарандар үй бүлөлүк дарыгер тарабынан көзөмөлгө алынды. 

25-май күнү Кара-Суу базарында 36 жаран изилдөдөн өткөрүлдү. Жалпысынан 292 жаранды кургак учукка текшерүүдөн өткөрүп,14 жаран шектүү деп табылып,13 жарандын какырык анализдери изилденип, кургак учук таякчасы аныкталган жок,1 жаран кошумча какырыкты тапшырууга жонотулду.

Учурда бардык жарандар көзөмөлгө алынды.

 

    

Башка жаңылыктар
Социалдык тармактарга жазылыңыз